Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги рынокту калк үчүн жетиштүү көлөмдөгү көмүр менен толтуруу максатында "Шабыркүлдөн" казак көмүрүн импорттоочулар менен ташып келүүнү көбөйтүү боюнча келишим түздү.
Бул келишимге ылайык, импорттоочу компания Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун отун базаларына берилүүчү "Шабыркүл" көмүрүнүн көлөмүн көбөйтүүгө милдеттенет. Өз кезегинде төмөнкү базалар суткасына 24 саат, жумасына 7 күн, тыныгуусуз жана дем алышсыз иштейт:
Казакстандын бир тонна көмүрүнүн максималдуу баасы 4,6 миң сомду түзөт.
"Бул келишимдин алкагында жакынкы аралыкта республика "Шабыркүл" разрезинен 247 вагон көмүр алат", - деп билдирди Монополияга каршы агенттик.