Кыргызстан менен ЕАЭБдин ортосундагы сооданын көлөмү 4,2% азайган

16.01.2020, 10:15 Акчабар
Кыргызстан менен ЕАЭБдин ортосундагы сооданын көлөмү 4,2% азайган

2019-жылдын 11 айында Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен болгон сооданын көлөмү 2 млрд 402 млн долларды түзгөн. 2018-жылдын январь-ноябрь айындагы жыйынтык менен салыштырганда  4,2% азайган. Бул тууралуу 16-январда, Улуттук статистикалык комитеттин башчысы Акылбек Султанов билдирди. 

Анын айтымында, ЕАЭБ мамлекеттеринен келген экспорттун көлөмү 0,8%, импорт 5,1% азайган. 

«ЕАЭбден келген экспорт товарлардын ичинен электр лампасы - 48,5%, трикотаж кийимдери - 43,9%, пахта кездемеси - 35,8%, кара металлдын калдыктары жана сыныктары - 16,5%, авунаага тийиштүү жабдыктар - 11,2% азайган», - деп билдирди  Султанов.  

Султанов билдиргендей, токулган кийимдердин экспорту 2,7 эсеге, натуралдык булгаарыдан жасалган бут кийим - 2,1 эсеге, жер-жемиш - 1,9 эсеге, кермикалык плиталар - 1,9 эсегея, жемиш жана жаңгактар - 1,6 эсеге, сүт жана сүт азыктары - 43,8%, баалуу металл кендери жана аралашмалары 17,4% өскөн. 

 

 

Тэги: Кыргызстан ЕАЭБ сооданын көлөмү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу