Улуттук статистика комитети эл жака турак жай каттоо иш чарасы белгиленген убакта – 23-марттан 1-апрелге чейин өтөөрүн, алыску тоолуу аймактарда 20нан 29-апрелге чейин өтөөрүн билдирди.
Мындан тышкары, эл жана турак жай каттоого карата даярдык иштери 90% аяктап калганын ведомстводон билдиришти. Азыркы тапта мамлекеттик статистика органдарынын аймактык бөлүмдөрү каттоочуларды окутуу иштерин жүргүзүп, ал 20-мартта аяктайт.
«Коронавирустан түзүлгөн коркунучтуулугуна байланыштуу Улутстатком каттоочуларды окутуу программасына коронавирустук инфекциядан коргону үчүн негизги коопсуздук чаралары киргизди», - деп жазылат маалыматта.