Кыргызстанда эмгек акынын орточо көлөмү 2 миң сомго төмөндөгөн

04.11.2020, 16:20 Акчабар
Кыргызстанда эмгек акынын орточо көлөмү 2 миң сомго төмөндөгөн

Кыргызстанда август айында орточо эмгек акынын көлөмү 17 миң 443 сомду түзгөн. Июль айында бул көрсөткүч 19 миң 372 сомду түзгөн. Демек, эки айдын ичинде эмгек акынын көлөмү 1 миң 929 сомго төмөндөгөн. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиядан билдиришти. 

Белгилей кетүүчү нерсе, апрелден июнга чейин айлык акынын көбөйүшү бир гана Кыргызстанда эмес, Россия, Казакстан жана Белорусияда байкалган. Бирок, кайра төмөндөй баштаган. 

Эске сала кетсек, финансы министрлигинин алдын ала берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда эмгек акынын орточо көлөмү 2023-жылы болгону 0.8% жогорулап, 20 миң 332 сомго жетиши мүмкүн. Өкмөттүн «Кыргыз Республикасынын 2021-2023-жылдардагы фискалдык саясатынын негизги багыттары жөнүндө» токтомунун долбоорунда Кыргызстанда орточо киреше 2021-жылы 18,6 миң сомго, 2022-жылы 19,5 миңге чейин өсөрү белгиленген.

Тэги: эмгек акы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу