Евронун официалдуу курсу кайрадан 0.59% жогорулап, 102.7 сомду түздү. Коммерциялык банктарда евро 103.7 - 103.9 сомдон сатылууда.
Белгилей кетүүчү нерсе, евронун сомго карата курсу тарыхтагы эң жогорку көрсөткүчкө жетти.
Кошумчалай кетсек, доллар жана евронун рублга карата курсу төмөндөдү. Борбордук банктын маалыматына ылайык, бир доллардын баасы - 75.1 рублду, евро - 91.1 рублду түздү.