Кыргызстандын экономика министри Европа Биримдиги аркылуу Кыргызстанга берилген жардамдын көлөмүн 2021-2027-жылдарга карата көп жылдык индикативдик программанын негизинде көбөйтүү тууралуу маселени көтөрдү. Бул тууралуу экономика министрлигинин сайтында маалымдалат.
17-мартта экономика министри Улукбек Карымшаков менен Европа биримдигинин башкы өкүлү Эдуард Ауэр жана башка кызматкерлер менен жолугушту.
Жолугушууда мындан аркы кызматташтык тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү. Андан сырткары, 2021-2027-жылдарга карата программанын негизинде каржылоонун көлөмүн көбөйтүү маселеси көтөрүлдү.
«Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Европа биримдигинен финансы жана техникалык жардамдарды алуу боюнча макулдашууга жетишишти», - деп жазылат маалыматта.