Кыргызстан жана Финляндиянын ТИМ башчылары видеоконференция форматында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

30.06.2020, 09:27 Акчабар
Кыргызстан жана Финляндиянын ТИМ башчылары видеоконференция форматында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

29-июнда Кыргызстан жана Финляндиянын тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков менен Пекка Хаависто видеоконференция форматында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

 

Маалыматка ылайык, маектешүүнүн жүрүшүндө Финляндиянын «жашыл экономика» жана энергиянын жаңыланма булактары чөйрөсүндөгү ийгиликтүү тажрыйбасына таянуу менен эки тараптуу соода-инвестициялык байланыштарды активдештирүү маселелери талкууланды.

Эки тараптуу мамилелердин алдыга карай өнүгүшүнүн жана ЕБ менен БУУнун алкагында көп тараптуу кызматташуу багыты боюнча өз ара аракеттенүүнү бекемдөөнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Тараптар учурдагы эпидемиологиялык кырдаал жана COVID-19 пандемиясынын жайылышын болтурбоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар боюнча пикир алмашты. Коронавирустук инфекция пандемиясы жана анын социалдык-экономикалык кесепеттери менен күрөшүүнүн алкагында тараптардын иш үстүндө өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү боюнча макулдашуу жетишилди.

Тэги: Кыргызстан Финляндия Чыңгыз Айдарбеков Пекка Хаависто видеоконференция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу