2018-жылы www.zakupki.gov.kg мамлекеттик сатып алуулардын элекрондук сайты аркылуу 132 миң 906 конкурс жарыяланып, товаров, кызмат көрсөтүүгө 94.3 млрд сом жумушалган. Бул тууралуу 19-мартта пресс-конференцияда КР финансы министрлигинин алдындагы мамлекеттик сатып алуулар боюнча департаментинин директору Нурида Байзакова билдирди.
Анын айтымында мамлекеттик сатып алуулардан жалпы үнөмдөлгөн акчанын суммасы 5.2 млрд сом болду. Жарыяланган сынактардын айрымдары 45 миң 747 өткөрүлбөй, 24.4 млрд сомдук операция жасалган эмес. 87 миң 159 сынак өтүп, анын жалпы суммасы 69.8 млрд сом болду.
«Мамлекеттик мекемелер 70 миң 613 конкурс 39.9 млрд сом суммасында операция жүргүзүлгөн. Ушул эле маалда бюджеттик каражаттардын 2.4 млрд үнөмдөө болду. Ачык акционердик коомдор менен мамлекеттик ишканалар тарабынан 8 миң 130 сынак жарыяланып, анын жалпы суммасы 24.6 млрд сом болду. Каражаттарды үнөмдөө 671.4 млн болгон. Жергиликтүү башкаруу органдары тарабынан 42 миң 201 конкурс жарыяланып, анын суммасы 15.1 млрд сомго жетип, ал жердеги бюджеттик каражаттарды үнөмдөө 288.1 млн сом» – деп билдирди Нурида Байзакова.
Былтыркы жылы ири сынак жарыялаган команиялардын тизмеси: