Кыргызстан менен Грузиянын ТИМ башчылары телефондон сүйлөштү

19.05.2020, 10:02 Акчабар
Кыргызстан менен Грузиянын ТИМ башчылары телефондон сүйлөштү

2020-жылдын 18-майында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Грузиянын тышкы иштер министри Давид Залкалиани менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болуп өттү.

COVID-19 пандемиясына каршы аракеттенүү, атап айтканда өкмөттөр тарабынан көрүлүп жаткан чаралар, ошондой эле эки өлкөнүн медициналык мекемелеринин ортосундагы кызматташууну акивдештирүү боюнча өз ара аракеттенүү маселелерине негизги көңүл бөлүндү.

Карантиндик чараларга карабастан Грузиянын аймагы боюнча Кыргызстандын жүк ташуучуларына транзит берүүгө көмөк көрсөткөндүгү үчүн кыргыз тарабы ыраазычылык билдирди.

Андан тышкары тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелеринин кеңири чөйрөсүн талкуулашты. Жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги байланыштардын графиги талкууланды.

Тышкы саясий ведомстволордун башчылары эл аралык уюмдардын, анын ичинде БУУнун алкагында өз ара аракеттенүү маселелерин да талкуулашты.

Министрлер видеоконференция форматында министерлердин орун басарларынын деңгээлинде тышкы иштер министрликтеринин ортосунда саясий консультацияларды өткөрүү жөнүндө макулдашты. 

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар мындан ары конструктивдүү, ишенимдүү жана өз ара пайдалуу мамилелерди курууга даяр экендиктерин билдиришти.

 

 

Тэги: МИД КР Грузия сотрудничество

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу