Италия Парламентинде Кыргызстан менен достук тобу түзүлдү

16.12.2019, 09:19 Акчабар
Италия Парламентинде Кыргызстан менен достук тобу түзүлдү

2019-жылдын 13-мартында Рим шаарында Италияга жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Италия Республикасынын Сенатынын Вице-спикери Паола Таверна менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. 

Тараптар Италия Республикасынын Сенатында Кыргыз Республикасы менен кызматташуу боюнча достук тобун түзүү аркылуу парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүү, ошондой эле эки өлкөнүн парламенттик делегацияларынын өз ара сапарларын уюштуруу маселелерин талкуулашты. Италиялык тарап Италия Парламентинде Кыргызстан менен достук тобу түзүлгөндүгүн маалымдады.

П.Таверна региондогу парламенттик демократияны бекемдөөдө Кыргыз Республикасынын ролун жогору баалады жана парламенттер аралык диалогду мындан ары активдештирүүгө даярдыгын билдирди. 

Италия Сенатынын Вице-спикери 2018-жылдын октябрында ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын күзгү сессиясына катышуу үчүн өзүнүн Кыргызстанга болгон сапарын канааттануу менен белгиледи.

Тэги: сельское хозяйство Кыргызстан Международный фонд сельхозразвит

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу