Екатеринбургдагы кыргызстандыктарды мекенине алып келүү үчүн чартердик каттам уюштурулат

27.05.2020, 15:15 Акчабар
Екатеринбургдагы кыргызстандыктарды мекенине алып келүү үчүн чартердик каттам уюштурулат

Кыргызстандык жарандарды Екатеринбургдан (Россия) мекенине алып келүү үчүн чартердик каттам уюштурулат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

 

«КР президентинин жана өкмөтүнүн тапшырмасына ылайык, Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан Россиянын Урал федералдык аймагында туруп жаткан Кыргызстандын жарандарын мекенине жөнөтүү үчүн чартердик каттам уюштурулууда. Каттам 2020-жылдын 30-майында Екатеринбург шаарынан Ош шаарына «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы тарабынан аткарылары пландалууда», - деп билдирет министрлик.

Бул каттам менен өтө муктаж болгон жарандар мекенине жөнөтүлөт (оор илдети барлар, майыптар, жашоодо оор кырдаалга туш болгон кичинекей балдары бар аялдар, кош бойлуулар, кары адамдар).

Министрликтен белгилешкендей, учуп кете тургандардын тизмеси жарандардын кайрылууларын, ошондой эле Урал федералдык аймагындагы кыргыз диаспора уюмдарынын жетекчилеринин сунуштарын жана жарандардын мындан мурда «Урал аба жолдору» авиакомпаниясынын билеттерин сатып алгандыгын эске алуу менен түзүлүүдө.

«Билеттер «Урал аба жолдору» авиакомпаниясынын атайын белгиленген кассаларында түзүлгөн тизмеге ылайык сатылат. Буга байланыштуу мекендештерге билеттерди сатып алуу боюнча ортомчулардын сунуштарына алданбоону эскертебиз», - деп айтылат маалыматта.

Учурда Урал федералдык аймагында Кыргызстанга учуп кетүүнү каалаган 600дөн ашык жаран бар.

«Жарандарды мекенине жөнөтүү иштери улантылат. Сабырдуулук кылып, мамлекеттик расмий булактарда чыккан такталган маалыматтарга ишенүүгө чакырабыз», - деп билдирет министрлик.

Кыргызстанга кетүү маселеси боюнча төмөнкү номерлерге кайрылууга болот:

+7 (343) 223-68-12
+7 (343) 223-68-13
+7 (343) 227-39-39

Тэги: Екатеринбург чартердик каттам Кыргызстандык жарандар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу