Кыргызстанда жарым жыл ичинде 650.4 млн сомго мунай продукциялары өндүрүлгөн

04.09.2020, 13:45 Акчабар
Кыргызстанда жарым жыл ичинде 650.4 млн сомго мунай продукциялары өндүрүлгөн

Мунай тармагында жарым жыл ичинде 650.4 млн сомго даяр продукция өндүрүлгөн. Бул тууралуу мунай өндүрүүчүлөр күнүнө карата кызматкерлерди куттуктап жатып, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Эмиль Осмонбетов билдирди. 

Ошондой эле Осмонбетов мунай Жалал-Абаддын түштүгүндө жана Баткен облустарынын түндүгүндө өндүрүлөрүн баса белгиледи. 

«Бүгүнкү күндө республикада мунай жана газ өндүрүү үчүн 61 лицензия берилген», — деп айтты Осмонбетов.

Кошумчалай кетсек, 6-сентябрь Кыргызстанда мунай жана газ өндүрүүчүлөрдүн күнү катары белгиленет.  Бул майрам 1995-жылдын 1-февралында өкмөт тарабынан бекитилген. 

Тэги: мунай продукция майрам

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу