Кыргызстанда 65 жаштан улуу адамдардын саны 317 миңди же калктын 4,9%ын түзөт

01.10.2020, 12:40 Акчабар
Кыргызстанда 65 жаштан улуу адамдардын саны 317 миңди же калктын 4,9%ын түзөт

Кыргызстандын калкы акырындап карылык босогосуна жакындап бара жатат. Бул тууралуу Статистика комитети билдирет.

БУУнун жаш курак боюнча классификациясына ылайык, эгер өлкөнүн жалпы калкынын санынын 4%ынан азы 65 жашта жана андан улуу болсо, анда ал өлкөнүн калкы жаш, ал эми 4-7% ортосунда болсо карылык босогосунда турат, 7%дан көп болсо кары деп эсептелет.

Статистика комитети белгилегендей, Кыргызстандын калкы акырындап карылык босогосуна жакындап жатат: быйылкы жылдын башына карата өлкөдө 65 жаштагы жана андан улуу адамдардын саны 317 миңди же калктын 4,9%ын түзгөн.

«Ага карабастан Кыргызстанда КМШнын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу бул көрсөткүч бир топ аз (2018-жылы бул көрсөткүчтөр Азербайжанда 6,8%ды, Казактанда 7,3%ды, Арменияда 11,9%ды, Россияда 14,6%ды, Беларуста 15,2%ды түзгөн). БУУнун божомолу боюнча Кыргызстанда мындай тенденция болжол менен 2030-жылдары 65 жаштагы жана андан улуу болгон адамдардын саны 7%га жакындаганда пайда болот», - деп билдирет Статистика комитети.

2019-жылдын аягына карата КР Социалдык фондунун жана башка министрликтер менен мекемелерде 715 миңге жакын пенсионер каттоодо турган. Алардын ичинен дээрлик 530 миңи же 74%га жакыны жаш курагы боюнча пенсия алгандар болуп.

Тэги: карылык босогосу кары адамдар улуу адамдар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу