Кыргызстанда көмүр казуунун көлөмү 2.4% жогорулады

29.09.2020, 13:45 Акчабар
Кыргызстанда көмүр казуунун көлөмү 2.4% жогорулады

2020-жылдын январь-август айларында өнөр-жай продукцияларынын көлөмү 1.46 млрд сомду түзгөн. Бул тууралуу өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети маалымдады. 

 

Үстүбүздөгү жылы көмүр казуу тармагындагы продукциянын көлөмү 2.4% жогорулаган, муну менен катар 2019-жылга салыштырмалуу 0.7% тоннага көп көмүр казылып алынган. 

 «29-сентябрга карата 198.7 тонна көмүр казылып алынган. Азыркы учурда ЖЭБде 242.8 мин тонна көмүр бар», – деп белгилешти ведомстводон. 

Эске сала кетсек, күз-кыш мезгилине даярдык октябрь айында бүткөрүлөт. 

Тэги: өнөр-жай продукция энергетика комитет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу