Кыргызстан менен Корея айыл чарба жана технологиялар боюнча меморандумга кол койду

04.06.2020, 09:45 Акчабар
Кыргызстан менен Корея айыл чарба жана технологиялар боюнча меморандумга кол койду

2020 жылдын 2-июнунда Кыргызстандын Кореядагы элчиси Динара Кемелова жетектеген делегация Чонджу шаарындагы Кореянын мамлекеттик өнүктүрүү Башкармалыгына барып, аталган ведомствонун администратору – башкы директору Ким Кёг Кю менен жолуккан. Бул тууралуу КРнын Кореядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

 

Маалыматка ылайык, жолугушууда корея тарап менен Кыргызстандын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен Корея Республикасынын Айылдарды өнүктүрүү башкармалыгынын ортосунда агрардык илимдер жана технологиялар жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандумга кол коюлду. Буга чейин аталган меморандумга Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация синистри Эркинбек Чодуев кол койгон жана дипломатиялык канал аркылуу Корея Республикасына жөнөтүлгөн.

Бул меморандумдун алкагында Эл аралык айыл чарба программа Борбору түзүлөт (KOPIA). Аталган Борбор айыл чарба тармагындагы изилдөө жаатында кызматташууга көмөктөшөт, өсүмдүк жана үрөн өндүрүү, жергиликтүү шарттарга ылайыкташкан үрөндөрдү өстүрүү жана жалпысынан түшүмдүүлүктү жогорулатуу боюнча Кыргызстандын потенциалын жогорулатуу менен алектенет.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө элчи Д.Кемелова Кыргызстанда KOPIA борборун түзүү өлкөнүн региондорунда айыл чарбаны өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн өзгөчө мааниге ээ экендигин белгиледи жана Корея Республикасынын инновациялык технологияларын Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына тартуу ишенимин билдирди.

Кемелова Кыргызстан лабораториялардын потенциалын күчөтүп, жашылча-жемиштерди өстүрүү үчүн жаңы технологияларды колдонууга муктаж экенин кошумчалады, ошондой эле "акылдуу фермерлик " жана автоматташтырылган күнөсканалар боюнча долбоорлорду илгерилетүүгө көңүл бурду.

Өз кезегинде башкы директор Ким Кёг Кю мамлекеттик администрация өзү тараптан Кыргызстанда эффективдүү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгын билдирди. Анын айтымында, айыл чарба тармагында ишке ашыруу үчүн приоритеттүү долбоорлор кыргыз тарап менен биргеликте тандалып алынат жана алар бүтүндөй кыргыз элине пайда алып келет.

Маалымат катары:

Кореялык программанын (KOPIA) негизги миссиясы төмөнкүлөр:

  • Корея тарап менен тажрыйба алмашуу жолу аркылуу жергиликтүү шарттарга ылайыкташтырылган технологияларды өнүктүрүү жана үрөн өстүрүү;
  • Кирешелерди жогорулатуу максатында локалдаштырылган технологияларды жана тажрыйбаларды (практиканы) айыл жеринде жана фермерлер арасында жайылтуу;
  • мамлекеттик кызматкерлердин, эксперттердин, илимпоздордун, фермерлердин потенциалын алмашуу программалары ж.б. аркылуу жогорулатуу.

Дүйнөнүн 20 мамлекетинде Корея Республикасынын айыл чарбаны өнүктүрүү башкармалыгынын KOPIA борборлору бар.

Тэги: Кыргызстан Корея айыл чарба технология

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу