Кыргызстанда коронавируска массалык диагноз коюу лабораториясы иштей баштайт

31.03.2020, 14:45 Акчабар
Кыргызстанда коронавируска массалык диагноз коюу лабораториясы иштей баштайт

Кыргызстанда коронавируска массалык диагноз коюу лабораториясы иштей баштайт. Бул долбоор ишкерлер менен меценаттардын каражаттары аркылуу ишке ашырылмакчы. Анын биринчи этабында  20 миң адамга  50 миң лабораториялык тест алуу үчүн 578 миң 173 АКШ доллары керектелет. Долбоорго каражат чогултулуп жатканын баардык каалоочуларга жарыя кылабыз.

Коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу үчүн илдетке каршы республикалык штаб жана КР Саламаттыкты сактоо министрлиги биргелешип, COVID-19 вирусун аныктоо боюнча массалык диагноз коюу лабораториясын ишке ашырууну баштады. Бул демилге ишкерлер менен меценаттар тарабынан демилгеленди.

Коронавирус инфекциясы пандемия деп жарыяланган шартта COVID-19 вирусу үчүн массалык диагноз коюу лабораториясынын ишке ашыруу чоң мааниге ээ. Анткени ал курч мүнөздөгү полимераз чынжырлашкан реакция [полимеразной цепной реакции] ыкмасы менен ишке ашырылат. Муну “алтын стандарт” деп коет.

Буга байланыштуу КР Саламаттыкты сактоо министрлиги “Бонецкий” тармактык лабораториясы жана мценаттар болуп COVID-19 диагноз коюу сиситемасын ыкчам ишке ашыруу тууралуу меморандумга кол коюшту.

Жакынкы күндөрү “Бонецкий” тармактык лабораториясынын өндүрүштүк базасында полимераз чынжырлашкан реакциялык (ПЧК) [полимеразной цепной реакции] диагноз коюу ыкмасы ишке кирет. Долбоордун келишими боюнча бардык керектүү жабдыктар, материалдар, реагенттер сатып алынып, Кытайдан атайын адисттер чакырылат. Долбоордун биринчи этабында 20 миң адамга массалык диагноз коюу үчүн 50 миң лабораториясын тест  керектелет.

Долбоор толугу менен ишкерлер жана меценаттар тарабынан кайрымдуулук иретинде каражыланат.

 

  • Биринчи  этап – 20 миң адамга 50 миң анализ үчүн 578 миң АКШ долларын чогултуу керек.
  • Экинчи  этап – 40 миң адамга 100 миң анализ үчүн 1 млн 381 миң АКШ доллары керектелет.

Бардык этаптар өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте ишке ашырылат.

Анализ тапшыруу бегиленген тартип менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин жолдомо кагазы аркылуу республика боюнча “Бонецкий” тармактык лобораторияларында жүргүзүлөт. Долбоор ишке киргенден тарта анализди тапшыруу регламенти боюнча  www.intelmed.kg сайты аркылуу маалыматты тактоо керек.

Аталган демилгени биринчилерден болуп «М Булак» микрокредиттик компаниясынын башкы директору Бабур Төлбаев колдоого алды. Ал 84 миң 460 АКШ долларын керектүү жабдууларды сатып алууга которду жана 65 миң АКШ долларын вирусту аныктоочу тесттерди алуу үчүн берди.

Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн акча которгон ар бир меценаттын тизмеси толукталып турат. Каражатты “Апаке” коомдук фондунун эсебине которсо болот. Келип түшкөн каражатты ар бир жаран онлайн-режиминде көзөмөл кыла алат.

https://apake.kg/ru/project/chrezvychajnyj-proekt-apake-covid-19/

Мындан тышкары “Бонецкий” тармактык лабораториясынын эсебине COVID-19 деп белгилеп  каражат которсо болот.

Банк: "Коммерческий Банк Кыргызстан" ААК, Эсептин номери (сом үчүн): 1030120000567985, Эсептин номери (USD): 1030120000567985,

Алуучу: ЖЧК "Интелмед" ( «Бонецкий Лабораториясы).

Баардык ишкерлерди жана меценаттарды бул маанилүү долбоорду колдоого чакырабыз. Ошону менен бирге биз туугандарыңыз же компаниясындагы кызматкерлер үчүн дагы каалаган суммадагы каражаты которо аларыңызды айта кетебиз. Долбоордун алкагында жеке жактардын дагы лабораторияга кайрылып тесттен өтүү маселелси караштырылууда.

Долбоорду колдогон жалпыга маалымдоо каражаттарына эшик ачык. Кызыктар болгон ЖМКдан долбоорду колдоо үчүн келип түшкөн каражаттар тууралуу маалыматтарды жарыялап берүүсүн суранабыз.

Долбоорду ишке ашырууга маалыматтык колдоону “Акчабар” www.akchabar.kg. финансылык порталы жүргүзөт.

Медиа өнөктөштөрдүн тизмеси толукталып турат.

Долбоордун медиа өнөктөштөрү:

КТРК  —  Коомдук телерадиоберүү корпорациясы www.ktrk.kg 

«Акчабар» каржылык порталы  www.Akchabar.kg

«Кактус Медиа» маалмат агенттиги www.kaktus.media

«24.kg» маалымат агенттиги www.24.kg

«Аки Пресс» маалымат агенттиги www.akipress.kg

«Today.kg» маалымат агенттиги  www.today.kg

«Мир» телерадиоканалы www.kg.mirtv.ru

Долбоорду колдоого алган КР Тышкы иштер министрлигине, КР Транспорт жана жолдор министрлигине  жана Кыргыз Республикасынын  Кытай мамлекетиндеги элчилигине ыраазычылык билдиребиз!

 

Тэги: Кыргызстан диагноз лаборатория

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу