Кыргызстан тышкы карыз боюнча Кытай менен сүйлөшүүсүн улантат

20.10.2020, 09:45 Акчабар
Кыргызстан тышкы карыз боюнча Кытай менен сүйлөшүүсүн улантат

16-октябрда Кыргызстандын КЭР элчиси Канайым Бактыгулова Кытайдын тышкы иштер министринин орун басары Лэ Юйчэн менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМ билдирди. 

Жолугушууда Бактыгулова өлкө ичинде болуп жаткан саясий окуялар тууралуу маалымат берди. 

Ал белгилеп кеткендей, Кыргызстан өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин толугу менен сактайт жана буга чейин кол коюлган эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдерди так аткарат.

«Тараптар ошондой эле мамлекеттик карызды жөнгө салуу маселелерин талкуулашты», — деп жазылат маалыматта. 

Эске сала кетсек, Кыргызстан Кытай алдындагы карызын төлөөгө эки ай убакыт калды. 

Тэги: Кыргызстан КЭР элчи Канайым Бактыгулова Кытай

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу