Кыргызстан Кытайдан 30 миң экспресс-тест сатып алат

25.03.2020, 14:00 Акчабар
Кыргызстан Кытайдан 30 миң экспресс-тест сатып алат

25-мартта 112 миң 500 $  кошумча 30 миң экспресс-тест сатып алуу чечими чыккан. Жакынкы убакыт аралыгында бул тесттер КР Саламаттыкты сактоо министрлигине жиберилет. Бул тууралуу коронавирус менен күрөшүү боюнча Республикалык штабдан билдиришти. 

Республикалык штабдын өтүнүчү менен КР Тышкы иштер министрлиги КР Кытайдагы Элчилиги менен биргеликте медициналык каражаттарды жана COVID-19 илдетин аныктоочу экспресс-тесттерди алып келүү иштерин жүргүздү. 

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстанга ыкчам түрдө КР өкмөтү тарабынан 22 миң 500 $ 5 миң экспресс-тест алынып келинген. 

Тэги: экспресс-тест КР Кытайдагы Элчилиги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу