Кыргызстан менен ЭӨА ортосундагы Каржылоо тууралуу макулдашуу ратификацияланды

02.07.2020, 12:45 Акчабар
Кыргызстан менен ЭӨА ортосундагы Каржылоо тууралуу макулдашуу ратификацияланды

Президент Сооронбай Жээнбеков «2020-жылдын 28-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо тууралуу макулдашууну (Салыктык башкаруу жана статистика системасын модернизациялоонун долбоорун) ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

 

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 4-июнунда кабыл алынган.

Аталган Мыйзамга ылайык, Финансы министрлиги белгиленген тартипте Эл аралык ѳнүктүрүү ассоциациясына (ЭѲА) жогоруда кѳрсѳтүлгѳн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн ѳткѳндѳн кийин күчүнө кирет.

Маалымат катары:

Долбоордун максаты — Өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүн натыйжалуу өлчөө максатында салыктарды чогултуунун жана улуттук статистика системасын модернизациялоонун натыйжалуулугун жогорулатуу.

Долбоордун жалпы наркы — 35 млн. АКШ доллары, анын ичинде ЭѲАнын Кредити — 17,5 млн. АКШ доллары, ЭӨАнын Гранты — 17,5 млн. АКШ доллары.

Кредит берүүнүн мөөнөтү — 38 жыл, анын ичинен 6 жылы — жеңилдетилген.

Пайыздык чени — жылдык 0,75%.

Иштетүү мөөнөтү — 5 жыл.

Аткаруучу органдар — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана Улуттук статистика комитети.

Тэги: президент Сооронбай Жээнбеков

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу