Кыргызстандык мигранттар эң көп акча которгон алдыңкы беш мамлекеттин катарына кирет

22.10.2020, 14:45 Акчабар
Кыргызстандык мигранттар эң көп акча которгон алдыңкы беш мамлекеттин катарына кирет

Миграция –  кризистен кийин экономиканы калыбына келтирүүчү бирден бир жол болуп эсептелет. Бул тууралуу ООНдун жаы чыккан докладында маалымдалат. 

Документтин авторлору, акыркы он жыл ичинде жаралаган миграция тармагындагы маселелерди анализдеп чыгышкан. Бул боюнча алгач ООНдун биринчи докладында жазылган. Анда аргасыз мигрант болуп жүргөндөрдүн саны 79 млн адамдан ашканы айтылат. 

«Пандемия жана бардык кыймылдардын токтотулушу калктын канчалык деңгээлде мобилдештирилгендигин дагы бир ирет аныктап алууга мүмкүндүк түздү», – деп билдирди ПРООНдун жетекчиси Ахим Штайнер. 

Анын айтымында, бүгүнкү күндө ыктыярдуу миграция үчүн шарттарды түзүү өтө маанилүү. Анткени бул келечекте климаттын өзгөрүшү, сансыз технологиялардын киргизилишинен улам күчөп жаткан теңсиздик жана эмгек рыногундагы өзгөрүүлөр менен байланышкан калктын жылышуу көйгөйлөрүн ийгиликтүү чечүүгө мүмкүндүк берет.

«Легалдаштырылган маршрут, жеткиликтүү акча которуулар, аялдардын укугун коргоо кепилдиги – мунун баары, мигранттарга керек», – деп белгилшти ООНдон. 

ООНдон белгилеп кетишкендей, мигранттар тарабынан которулган каражаттардын көлөмү эл аралык донорлордон түшкөн жардамдан үч эсеге көп. 

Демек, мигранттардын жыргалчылыгынын дагы бир аспектиси - үйгө акча которуу жана жогорку төлөмдөрдөн алыс болуу. Мисалы, Россияда котормонун баасы дүйнөдөгү эң төмөн баалардын бири: 200 долларга болгону 2% гана түзөт. 

Өткөн жылы аз жана орто кирешелүү өлкөлөрдүн жашоочулары мигрант туугандарынан 551 миллиард доллар алышкан, бул өткөн жылга салыштырмалуу 4,7% га көп.

Дүйнөлүк азык-түлүк программасына салыштырмалуу эң көп акча которгон алдыңкы беш мамлекеттин катарына Тажикстан жана Кыргызстан кирет.

Тэги: миграция ООН ПРООН пандемия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу