Кыргызстан Корея менен 5 млн долларлык макулдашууга кол койду

18.02.2020, 17:00 Акчабар
Кыргызстан Корея менен 5 млн долларлык макулдашууга кол койду

«Санарип Кыргызстан» санариптик трансформациялоо концепциясынын алкагында Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети жана Корея эл аралык кызматташтык агенттиги (KOIСA) ортосунда 2024-жылга чейин электрондук мекемелер аралык байланыш системасын ѳнүктүрүүгѳ каралган 5 млн доллар боюнча макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу аталган комитеттен билдиришти.

Комитеттен белгилешкендей, кол коюлган макулдашуунун максаты жеке жана юридикалык жактардын мамлекеттик органдар менен натыйжалуу жана туруктуу өз ара электрондук иш алып баруучу үчүн шарттарды түзүү, «Түндүк» электрондук мекемелер аралык байланыш системасын жана Электрондук кызмат кѳрсѳтүүлѳр мамлекеттик порталын модернизациялоо жолу менен жарандардын жогорку сапаттуу кызмат кѳрсѳтүүлѳргѳ тоскоолдуксуз жана ѳз убагында жетүүсүн камсыз кылуу, технологиялык базаны ѳнүктүрүү жана социалдык ыңгайлаштырылган окутуу программалары аркылуу мамлекеттик кызматчылардын потенциалын жогорулатуу болуп саналат.

Кол коюлган макулдашуунун алкагындагы долбоорго тѳмѳнкүдѳй компоненттер кирет:

- Бизнес-процесстерди талдоо, иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу;

- «Түндүк» мамлекеттик ишканасы үчүн Маалымат алмашуу борборун түзүү;

- Мамлекеттик кызмат кѳрсѳтүүлѳр порталы системасын жакшыртуу;

- «Түндүк» мамлекеттик ишканасынын кадрдык потенциалын жогорулатуу.

«KOICA колдоосу менен мамлекеттик электрондук башкаруудагы ѳз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында ата мекендик жана чет элдик адистер тарабынан санариптик трансформациялоонун жана кол коюлган макулдашуунун максаттарына жетүү боюнча тиешелүү жумуштар аткарылат. Долбоор 2020-жылдан 2024-жылдар аралыгында ишке ашырылат», - деп жазылат маалыматта.

 

Тэги: Кыргызстан Корея келишим кызматташтык

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу