Кыргызстанга Москвадан 460 жаран кайтарылды

08.06.2020, 09:30 Акчабар
Кыргызстанга Москвадан 460 жаран кайтарылды

Бүгүн, 7-июнь күнү Бишкекке Москвадан 460 кыргызстандык жаран, анын ичинде 2 жашка чейинки 68 бала кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

 

Кыргызстандык жарандар «Аэрофлот» авиакомпаниясынын учагы менен учуп келген.

Министрликтен билдиришкендей, мекенине кайтууну каалаган жарандардын саны көп болгондуктан, келе турган жарандардын тизмеси Москвадагы кыргыз медициналык клиникаларынын дарыгерлеринен, кыргыз диаспорасынын, Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин өкүлдөрүнөн турган комиссия тарабынан түзүлгөн.

Тандоо жарандардын кайрылууларынын, анын ичинде кош бойлуу жана кичинекей балдары бар аялдардын, оор илдети бар, кары адамдардын кайрылууларынын негизинде жүргүзүлгөн. Келүүнү каалагандар көп болгондуктан, жарандардын мындан мурда «Аэрофлот» компаниясынын аба каттамдарына билет сатып алып, бирок эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу каттамдар болбой, учуп кете албаганы эске алынган.

Учуп келген жарандардын баары обсервацияга жаткырылган.

«Мекенине кайтып келүүнү каалаган чет жердеги Кыргызстандын жарандарын өлкөгө кайтаруу боюнча иштер улантылууда», - деп билдиришти министрликтен.

Тэги: Кыргызстан Москва кыргызстандыктар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу