Кыргызстан Араб координациялык тобунан 60 млн доллар алууга укуктуу

04.08.2022, 09:29 Акчабар
Кыргызстан Араб координациялык тобунан 60 млн доллар алууга укуктуу

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Араб координациялык тобунун төртүнчү кеңешмеси жыйынтыкталды. Анын алкагында Кыргыз Республикасы менен аталган топ ортосунда бир катар макулдашууларга жетишилди.

Тактап айтканда, Араб координациялык тобунун өкүлдөрү Улуттук өнүктүрүү программасынын алкагында Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу долбоорлорду колдой тургандыктарын билдиришти. Ошондой эле социалдык турак-жай курулушу, транспорт инфраструктурасы, суу менен камсыздоо жана канализация, саламаттык сактоо жана билим берүү тармагында министрлер кабинети тарабынан сунушталган артыкчылыктуу долбоорлордун тизмеси каралып, талкууланды.

“Жогорудагы макулдашууларга ылайык, Кыргыз Республикасы билим берүү тармагын өнүктүрүү үчүн Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүктүн 15 млн АКШ долларлык гранттык каражаттары менен бирге Араб координациялык тобунан 60 млн АКШ долларын алууга укуктуу”, - деп айтылат Министрлер кабинетинин маалыматында.

Тэги: Кыргызстан финансирование образование АКГ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу