Кыргыз Өкмөтү 2020-жылдын 1-майында Сардоба суу сактагычынын жарылышынан улам жабыркаган Өзбекстандын калкына гуманитардык көмөк көрсөттү. Тийиштүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.
Маалым болгондой, Кыргызстан Өзбекстандын жабыр тарткан калкы үчүн 1 000 тонна цемент, 100 тонна күрүч жана 10 тонна өсүмдүк майын жөнөтөт.