Кыргызстан Сауд өнүктүрүү фонду менен эки келишимге кол койду. Бул тууралуу Каржы министрлигинен кабарлашты.
Тактап айтканда, бул "Суусамыр—Талас—Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза” жана “Кыргыз Республикасындагы турак жайды каржылоо” долбоорлору боюнча жалпы суммасы 130 млн долларга эки кредиттик келишим.
"Долбоорлор муктаж болгон жарандарды арзан турак жай менен камсыздоого, ошондой эле Таластагы жолдун 92,9 чакырым бөлүгүн реконструкциялоого багытталган", - деп белгилейт Каржы министрлиги.