Кыргызстан БАЭге жашыл технологиялар тармагындагы долбоорлорго инвестиция салууну сунуштады

24.09.2021, 13:10 Акчабар
Кыргызстан БАЭге жашыл технологиялар тармагындагы долбоорлорго инвестиция салууну сунуштады

Тышкы иштер министрлиги Бириккен Араб Эмираттарынын Өнөр жай жана алдыңкы технологиялар министрлигине кайра жаралуучу энергия булактары, айыл чарба, туризм, жашыл технологияларды өнүктүрүү жана логистика боюнча долбоорлордун пакетин тапшырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясында тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин БАЭнин өнөр жай жана алдыңкы технологиялар министри Султан Аль-Жабер менен жолугушуусу болду. Алар эки тараптуу жана көп тараптуу экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле алар Кыргызстанда жашыл экономиканы өнүктүрүүдө биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүнө токтолушту. Эл аралык уюмдардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Тэги: МИД ВИЭ ОАЭ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу