Кыргызстан Индиядагы Speed ​​Networking бизнес-форумуна катышты

01.10.2021, 10:20 Акчабар
Кыргызстан Индиядагы Speed ​​Networking бизнес-форумуна катышты

Кыргызстан 2021-жылдын 29-сентябрында Мумбайда Бомбей өнөр жайчылар ассоциациясы тарабынан уюштурулган SpeedNetworking жетинчи бизнес-форумуна катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Иш-чарага Кыргызстандын Индиядагы элчиси Асеин Исаев, экономиканын түрдүү тармактарындагы Мумбайдын 60тан ашуун алдыңкы компанияларынын өкүлдөрү, ошондой эле бир катар чет мамлекеттердин башкы консулдуктары жана соода өкүлдөрү катышты.

Элчи Кыргызстандын инвестициялык жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрү жана келечеги тууралуу айтып берди. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу