Кыргызстан Кореядан студенттердин квотасын көбөйтүүгө жардам сурады

29.09.2021, 11:20 Акчабар
Кыргызстан Кореядан студенттердин квотасын көбөйтүүгө жардам сурады

Кыргызстан Корея фондунан Түштүк Кореяда билим алууну каалаган кыргыз студенттери үчүн квота жана стипендиялардын санын көбөйтүүгө жардам берүүнү суранды. Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы Элчиси Динара Кемелова менен Корея Фондунун аткаруучу вице-президенти Ли Чонг Гуктун жолугушуусунун жыйынтыктары тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Жолугушууда "Борбор Азия - Корея Республикасы" форумунун алкагында 2021-жылы боло турган окуялар боюнча пикир алмашуу болду. Динара Кемелова Кыргызстанда экономика, саламаттык сактоо жана билим берүү тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга үмүтүн билдирди.

Өз кезегинде Ли Чонг Гук форумдун алкагында мындан ары жемиштүү кызматташууга даяр экенин билдирди. Мындан тышкары, ал өзүнүн приоритеттүү милдеттеринин бири коомдук дипломатия жаатында кызматташууну кеңейтүү экенин маалымдады.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу