Кыргызстандагы салыктык башкарууну модернизациялоого 35 млн АКШ доллары бөлүнөт

04.06.2020, 14:15 Акчабар
Кыргызстандагы салыктык башкарууну модернизациялоого 35 млн АКШ доллары бөлүнөт

Бүгүн, 4-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында Өкмөт тарабынан демилгеленген«2020-жылдын 28-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо тууралуу макулдашууну (Салыктык башкаруу жана статистика системасын модернизациялоонун долбоорун) ратификациялоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору каралды.

 

Жыйында Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов баяндама жасап, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасы жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы салыктык башкарууну жана статистика системасын модернизациялоону каржылоо тууралуу макулдашууну ратификациялоого багытталгандыгын маалымдады.

«Долбоордун жалпы наркы - 35 млн. АКШ доллары, анын ичинен насыя - 17,5 млн. АКШ доллары, грант - 17,5 млн. АКШ доллары. Насыя берүүнүн мөөнөтү - 38 жыл, анын ичинен 6 жылы - жеңилдетилген. Пайыздык чени - жылдык 0,75%. Иштетүү мөөнөтү - 5 жыл» - деген Акылбек Султанов алты парламенттик фракциялардын чечимине ылайык үч окууда кабыл алууну өтүндү.

Талкуудан соң мыйзам долбоору үч окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Тэги: Кыргызстан салыктык башкаруу млн сом

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу