Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы эки тараптык кызматташуу талкууланды

14.03.2020, 12:10 Акчабар
Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы эки тараптык кызматташуу талкууланды

Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси Данияр Мукашев Швейцариянын Женева кантонунун Экономикалык өнүктүрүү боюнча департаментинин башчысы, Федералдык кеңешчи Пьер Моде менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу 2020-жылдын 12-мартында өткөн. Анын жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын региондору менен Женева кантонунун ортосунда экономикалык, социалдык, билим берүү жана башка тармактардагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты орнотуунун жолдору жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу пикир алмашты.

Д.Мукашев 2020-жыл Кыргызстандын президенти тарабынан Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы болуп жарыялангандыгын, ошондой эле 2018 жана 2019-жылдары дагы Региондорду өнүктүрүү жылдары болгондугу тууралуу П.Модеге маалымдап, Кыргыз Республикасынын региондору менен Женева кантонунун ортосунда түздөн-түз байланыштарды орнотууну, анын ичинде, боордоштук мамилелер жөнүндө макулдашууларга кол коюуну сунуштады.

Мындан тышкары, Кыргызстандын элчиси П.Модеге 2020-жылдын 9-10-июлдарында Бишкек шаарында өткөрүлүүсү пландаштырылган "Европа Бирлиги - Борбордук Азия" форматындагы 1- экономикалык форум жөнүндө маалымат берип, Женева кантонуна бул иш-чарага расмий жана ишкерлер делегацияларынын курамында катышуу сунушун киргизди.

Өз кезегинде, П.Моде бул чакырууну канааттануу менен кабыл алып, бирок көпнерсе коронавирустун жайылуусунун келечектеги кырдаалына байланыштуу болооруна көңүл бурду.

Тараптар Кыргызстан, анын региондору жана Женева кантонунун ортосундагы өз ара кызматташууну андан ары өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча биргелешкен иштерди улантууга макул болушту.

Тэги: Кыргызстан Швейцария эки тарап

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу