Кыргызстандан малды сыртка чыгарууга бөгөт коюу боюнча жарлыкка кол коюлду

19.11.2020, 12:10 Акчабар
Кыргызстандан малды сыртка чыгарууга бөгөт коюу боюнча жарлыкка кол коюлду

Кыргызстандан малды сыртка чыгарууга бөгөт коюу боюнча жарлыкка кол коюлду. Бул тууралуу айыл-чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев «Акчабарга» билдирди. 

«Биздеги маалымат боюнча азыр Өзбекстанга мурункуга салыштырмалуу он эсе көп мал өтүп жатат. Бирок, сыртка мал чыгарууга бөгөт коюу боюнча жарлыкка азыр эле коюлду. Себеби, ички рынокту мал менен камсыздай албай калуу коркунучу бар. Тиешелүү жарлык өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койгондон тарта күчүнө кирет»,- деп айтты Токтогазиев.

Этке болгон талаптын Өзбекстан тараптан жогору болуп жатканынын себеби, Өзбекстандын мал чарбасын колдоо боюнча эл аралык программа жүзөгө ашырылып жаткандыгында. 

Белгилей кетсек, этке болгон баанын саны кескин түрдө жогорулады. 

 

Тэги: Тилек Токтогазиев эттин баасы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу