Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарылып бара жаткан 3,3 млн сомдук товар кармалды

12.10.2020, 14:30 Акчабар
Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарылып бара жаткан 3,3 млн сомдук товар кармалды

Баткен облусунда бажы жана чек ара кызматкерлери тарабынан өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылып бара жаткан 3 млн 297 сомдук товар кармалды.

Бажы кызматынан билдиришкендей, «Кызыл-Кыя» өткөрмө бекетинде У.М.Ш. аттуу Өзбекстандын жараны айдаган «МАН» үлгүсүндөгү жүк ташуучу ууна («KOGEL» маркасындагы чиркегичи менен) токтотулуп, текшерүүгө алынган. Унаанын жүк салган бөлүгүндө коңшу мамлекетке мыйзамсыз ташылып бара жаткан 219 миң 360 даана 100 ваттык лампочка жана М400-Д20 маркасындагы 1 тонна 100 кг цемент табылган.

Кармалган товардын орточо базар баасы 3 млн 297 миң сомду түзөт.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилген.

 

Тэги: Баткен облусу чек ара Кызыл-Кыя

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу