Кыргызстан менен Түркия ортосундагы эмгек визаны 30 $ түшүрүү аракети ишке ашкан жок

06.02.2020, 17:00 Акчабар
Кыргызстан менен Түркия ортосундагы эмгек визаны 30 $ түшүрүү аракети ишке ашкан жок

Түркиядагы эмгек визанын баасы 80 долларга жогорулады. Бул тууралуу 24.kg агентиги билдирет. Маалыматты иш менен камсыз кылуучу жеке менчик агенттиктердин ассоциациясынын төрагасы Шерболот уулу Аскарбек билдирген. 

Анын айтымында, Кыргызстан менен Түркия ортосунда эмгек визасын 30 долларга түшүрүү келишими ишке ашкан эмес. Ал макулдашуу 2019-жылдын 15-майында күчүнө кириш керек эле. Түркияга ишке жөнөгөн кыргызстандыктар визаны жалпысынан 80 долларга сатып алууда.

«Түркиянын элчилиги иштөөгө уруксат алуу сунушун карабайт. Кыргызстанда бир эле компания документтерди кабыл алат. Алардын кызматы өзү эле 50 доллар болууда», — дейт Шерболот уулу Аскарбек.

Анын маалыматында быйыл 15 миңдей кыргызстандык виза алмакчы.

Тышкы иштер министрлигинин түшүндүрмөсүнө караганда, 80 доллар — бул баардык документтерди топтоо үчүн кеткен каражат. Негизи эмгек визасы — 30 доллар болсо, визалык борбордун комиссиялык жыйымдарына (аутсорсинг кызматы) 50 доллар берилет. 

 

 

Тэги: Түркия Кыргызстан-Түркия эмгек виза келишим 80 доллар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу