Эң арзан мобилдик Интернет рейтингинде Кыргызстан 2-орунду ээледи

23.04.2021, 12:00 Акчабар
Эң арзан мобилдик Интернет рейтингинде Кыргызстан 2-орунду ээледи

Кыргызстан эң арзан мобилдик Интернет рейтингинде 2-орунду ээледи. Республикада орто эсеп менен 1 гигабайт мобилдик Интернет 0,15 доллар турат. Изилдөөнү британиялык Cable.co.uk порталы жүргүзгөн.

Эгерде 0,15 долларды сомго которсок, анда 2021-жылдын 22-апрелине карата Кыргыз Республикасында Интернеттин баасы 1 гигабайт үчүн 12,75 сом болот.

Жалпысынан рейтингде 230 өлкөнүн өкүлдөрү бар, биринчи орунда Израиль турат, ал жерде мобилдик Интернеттин баасы болгону 0,05 долларды түзөт.

Ал эми ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан 1-орунду ээледи, бирликтин калган өлкөлөрүндө Интернет үчүн төлөм төмөнкүдөй тартипте:

  • Орусия - бир гигабайт үчүн 0,29 доллар,
  • Беларусия - бир гигабайт үчүн 0,49 доллар,
  • Казакстан - бир гигабайт үчүн 0,59 доллар,
  • Армения - бир гигабайт үчүн 0,76 доллар.

ЕАЭБдин бардык өлкөлөрү мобилдик Интернеттин баасы арзан мамлекеттердин катарына кирет, анткени бир гигабайттын баасы 1 доллардан ашпайт.

Тэги: экономика мобильный интернет MegaCom мировой рейтинг

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу