Токтогулда мыйзамсыз алтын казылган

25.03.2019, 14:17 Акчабар
Токтогулда мыйзамсыз алтын казылган

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка
каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы Токтогулда мыйзамсыз алтын чайкаган «К.» ЖЧК компания тууралуу материалдарды чогулту. Бул тууралуу  бул мамлекеттик органдын басма сөз кызматы билдирди. 

Финансы полициясы Токтогул районунда мыйзамсыз алтын чайкаган фактыны ачыктады. Кылмыш иши Бирдиктүү кылмыштар реестринде 211 берененин 1-чи бөлүгүнүн негизинде каттоого  алынып,  КР Кылмыш жаза кодексинин «Мыйзамсыз ишкердик жана банк ишмердигин жүргүзүү» боюнча айып тагылды.

«Тийиштүү  иш-чаранын жыйынтыгында белгилүү болгондой, Өнөр жай, энергетика жана кен казуу  мамлекеттик комитети  жер аянтын колдонуу укугун тастыктаган документи  бергенче, алтындын чачылмасын  чайкоого тыюу салган. Бирок, ЖЧК компания тыюу салууга карабай, алтын чайкоону токтотпой, бюджетке ири суммадагы   зыян келтирген» – деп тактады финансы полициясынын басма сөз кызматы.

Сотко чейинки териштирүү  маалында мамлекеттик казынага 900 миң сом кайтарылган. Иш боюнча тергөө  иштери уланууда.

Тэги: золото добыча ГСБЭП

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу