Кыргызстанда керектөөчү баалар менен тарифтер 3 пайызга өстү

13.07.2020, 17:35 Акчабар
Кыргызстанда керектөөчү баалар менен тарифтер 3 пайызга өстү

2020-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстан боюнча керектөөчү баалар жана тарифтер 3 пайызга көтөрүлгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

[news 24696]

Маалыматта белгиленгендей, бул азык-түлүк продукциясы менен алкоголсуз ичимдиктердин 6.4, ал эми тамеки жасалгалары 5.4 пайызга кымбаттагандыгына байланыштуу болгон.

Аны менен бирге, үстүбүздөгү жылдын июнь айында былтыркы жылдын декабрь айына салыштырмалуу өндүрүштүк эмес товарларга болгон баалар 1 жана тарифтер менен кызматтарга болгон баалар 0.1 пайызга төмөндөгөн.

Жыл башынан бери керектөөчү товарлар жана тарифтердин максималдуу өсүшү Талас облусунда байкалып, 5.7 пайызды түзгөн. Ал аймактагы азык-түлүк жана алкоголдук эмес ичимдиктердин баасынын көтөрүлүшү менен негизделген.

Тэги: улуттук статистика баалар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу