Той үчүн насыя алуу – каржылык сабатсыздыктын белгиси

26.09.2019, 13:50 Акчабар
Той үчүн насыя алуу – каржылык сабатсыздыктын белгиси

Улуттук банк IFC менен биргеликте финансылык жеткиликтүүлүк тууралуу Улуттук стратегияны иштеп чыгууда. Бул стратегиянын бирден бир максаты калктын каржылык сабаттуулугун жакшыртуу болуп эсептелет. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда финансылык сабаттуулук  тууралуу стратегиясы менен тааныштыруу учурунда КР УБ башчысы Толкунбек Абдыгулов билдирди. 

Анын айтымында, каржы секторунун деңгээли жетишээрлик жогору. Каржы мекемелер дүйнөдөгү болуп келген бардык кызматтарды көрсөтүп келишет. Бирок, ошол эле учурда калктын каржы сабаттуулугу көтөрүлүшү керек. Буга жергиликтүү бийлик органдары жана Билим берүү жана илим министрлиги жардам бериш керек  деп билдирди.  
 

Акча эсеп, депозит ачууга жана акча которууга бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Бирок, региондордо каржылык сабаттуулук боюнча мселе көп. Элдер пайыз эсептегенди билишпейт жана насыянын акчасын туура пайдалана албай, акыры төлөөгө келгенде маселе жаралат. Керектөөчү насыяларда тойго алышат. Бул – каржылык сабаттуулуктун жоктугу дегенди билдирет. Бул стратегиянын бирден-бир максаты – финансылык сабатуулукту көтөрүү болуп эсептелинет” – деп билдирди Абдыгулов. 

 

Тэги: НБКР IFC финансовая грамотность

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу