Кыргызстанда дары-дармектердин бааларын негизсиз көтөрүү боюнча 27 факты катталган

14.07.2020, 16:00 Акчабар
Кыргызстанда дары-дармектердин бааларын негизсиз көтөрүү боюнча 27 факты катталган

Азыркы учурда дарылык каражаттарга болгон бааны негизсиз көтөрүү, товарларды мыйзамсыз алып кирүү жана башка 27 фактысы катталган. Бул тууралуу бүгүнкү брифинг учурунда премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Муну менен, медициналык жасалгаларга болгон бааларды көтөрүү боюнча 4 кылмыш иши, товарларды мыйзамсыз алып кирүү боюнча 13 кылмыш иши, атайлап дефицит жаратуу фактысы боюнча 2 кылмыш иши козголуп, дары каражаттарынын алып-сатаарлары боюнча 8 фактысы аныкталган.

Боронов белгилегендей, гепарин, левофлоксацин, азитромицин, физикалык эритме, ингаверин, арбидол жана башка дары-дармектер сактоочу жайларда катылып жаткан.

«Каржы полициясы бааларды негизсиз көтөрүп жаткан дарыканаларга, жана монополисттик келишимдерди бекиткен физикалык жактарга карата чара көрүүнү күчөтөт»,-деди премьер-министр.

Ошондой эле өкмөт башчы 1-14 июлдарда Кыргызстанга 489 млн сомго 281 аталыштагы медикаменттер жана 139 млн сомго медициналык жасалгалар киргизилгендигин кошумчалады. Баардыгы өлкөгө 600 миллиондон ашуун каражатка товарлар жана дары-дармектер алынып келинген.

Тэги: дары-дармек бааларды негизсиз көтөрүү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу