Кризис учурунда валюталар менен операцияларды кантип туура жүргүзүү керек?

24.03.2020, 15:10 Акчабар
Кризис учурунда валюталар менен операцияларды кантип туура жүргүзүү керек?

«Кубышка» аталышындагы белгилүү Телеграм-каналынын автору жана  E.M.Finance компаниясынын башчысы Евгений Марченко экономикалык кризис маалындагы курстун тынымсыз өзгөрүүсүндөгү валютаны сатуу жана сатып алуу эрежелери тууралуу айтып берди.

Серепчинин кеңештеринин арасынан валютаны ортомчулардан эмес, валюта биржасынан гана сатып алуу керектиги тууралуу пунктун баса белгилөөгө болот.  Азыркы күндө аны каалаган брокер аркылуу ишке ашыра аласыздар. Брокердин кызматтары комиссиялык төлөмдөрүн талап кылат, бирок ал курстун алуу-сатуудагы курстун пайдалуулугу менен өзгөчөлөнөт. Эгерде сатуучу брокердик эсеп ачууну же анын кызматы үчүн төлөгүсү келбесе, валютаны банктан онлайн режим аркылуу сатып алууга болот.

Дагы бир пайдалуу кеңеш - накталай түрдө бар акчанын баардыгын курсун алмаштырбай туруу. Валюта эртең кандай өзгөрүп кетерин жада калса экономика боюнча Нобель премиясынын лауреаттары дагы так айта албайт, андыктан, бир күндүк курсту гана карап алып баардык акчаны салып берүү - акылсыздыкка жатат.

Кийинки кеңеш - валютаны биржанын иштөө мөөнүнүн убагында гана сатып алуу, аны менен торуктардын режимин  TOD/TOM (валютаны ушул же кийинки күнү алынып келинишин) эске алуу керек.

Акырында, валютанын Forex  рыногундагы толкундоосун такай текшерип туруу зарыл: жеткиликтүү тажрыйба менен трейдер тенденцияларга байкоо жүргүзүү менен курстун өзгөрүүсүн акциялар рыноктогундагы активдүүлүктүн арты менен  алдын ала биле алат.

Жана жыйынтыктоочу кеңеш - валютага системалуу түрдө  инвестициялоо менен аны иштөөчү капиталга айландыруу керек, анткени инфлянция рубль менен сомго гана таасир бербестен, доллар жана евро сыяктуу чоң дүйнөлүк валюталарга дагы таасирин тийгизет.

Материал Pronline жардамы менен даярдалды.

 

Тэги: кризис валюталар менен операцияларды ка валюта

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу