"Кумтөр Голд Компани" Жети-Өгүз районунун дыйкандарына үрөн сатып алуу үчүн беш миллион сом грант бөлүп берди. Каражат дыйкандарды буудай эгүүгө үндөө долбоорунун алкагында бөлүнгөн.
[жаңылыктар 33934]
Бул каражатка күздүк буудайдын "безостая" сортунан 170 тонна үрөн сатып алынды, аны алгандар дээрлик 570 гектар айдоо аянтын себишти.
Үрөн Жети-Өгүз районунун 19 айылынын ар бириндеги 5-10 кишиден турган 34 дыйканчылык топторуна берилди.
Ошондой эле, дыйкандар дизелдик күйүүчү май, жер семирткичтер, эгин себүү жана алдыдагы түшүм менен байланышкан чыгымдарды сатып алуу үчүн жылдык 10% менен насыя алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондугу маалым болду.