Күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктүн баасынын жогорулаганы байкалган жок

13.03.2020, 16:30 Акчабар
Күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктүн баасынын жогорулаганы байкалган жок

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө Коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйыны болду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдайт.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү билдиргендей, Кыргызстанда коронавируска кабылгандар жок, эпидемиологиялык абал туруктуу. 13-мартка карата республиканын аймагында коронавирустун чыккан учуру катталган жок. 303 киши карантин шартындагы медициналык көзөмөлдө. Жалпысынан бул багытта 1602 орун даярдалган, саны зарылдыкка жараша көбөйтүлөт. Россиялык өнөктөштөр Кыргызстанга коронавирусту аныктоо үчүн кезектеги партияны - 5800 реагент берди.

Дүйнөдөгү кырдаалды эске алуу менен медицина кызматкерлери, эпидемиологдор, санитардык дарыгерлер, тез жардам жана башка ыкчам кызматтардын кызматкерлери күнү-түнү нөөмөт менен иштөөнү улантууда.

Сапарга мамлекеттик маанилүү иш-чаралар боюнча жана эпидемиологиялык абалы дурус болгон чет өлкөлөргө гана барууга болот.

Жыйындын жүрүшүндө белгиленгендей, эң биринчи кезекте керектелүүчү продуктулардын баасынын жогорулашы байкалган эмес, дүрбөлөңгө түшүү жок, текчелер толуп турат, бардыгы демейдегидей иштеп жатышат. Өлкө аймактарында дагы азык-түлүк боюнча абал тынч, баалар өзгөргөн жок. Өлкөдө тамак-аштын запасы жетиштүү.

Антимонополиялык жөнгө салуу агенттигинин кызматкерлери күнүмдүк керектелүүчү товарлардын баасына туруктуу негизде мониторинг жүргүзүшүүдө. Мындан тышкары алар өлкөнүн ири соода түйүндөрүнүн жана азык-түлүк рынокторунун өкүлдөрү менен сатуулардын жана баалардын туруктуулугун камсыздоо боюнча жолугушууларды өткөрүштү.

Жыйындын катышуучуларына маалымдалгандай, жергиликтүү компаниялар медициналык беткаптарды чыгара башташты, алар жакынкы күндөрү өлкөнүн дарыканаларына түшө баштайт.

Тышкы иштер министрлигинин өкүлү билдиргендей, Ирандын аймагындагы кыргызстандык жүк ташуучулардын абалы чечилүүдө. Кыргызстандык жүк ташуучулардын бир бөлүгү Азербайжан, Россия, Казакстан аркылуу транзиттик коридор менен өтүшөт.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигине Саламаттык сактоо министирлиги менен биргеликте кыргызстандыктар сапарларын пландап алуусу үчүн жарандарга ММКлар аркылуу коронавирус жайылган өлкөлөр тууралуу маалымат берүү тапшырылды.

Тэги: күнумдүк керектелүүчү азык-түлүк баа

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу