Кыргызстанда күрөөканалар ишмердүүлүктөрүн өкмөттүн уруксаты менен 21-майдан кийин башташат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламенттин жыйынында билдирген.
«Дарыгерлердин берген кеңешинен улам, күрөөкана, акча алмаштыруучу жайлар 21-майдан тарта иштей башташат. Себеби, вирус акча каражаттар аркылуу дагы жугушу мүмкүн», - деп айтты өкмөт башчы.
Эске сала кетсек, 28-апрель күнү экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун этаптуу жол-жобосу иштелип чыкканы айтылган.