Доллардын официалдуу курсу 1.01% жогорулап, 82.7 сомду түздү. Евро дагыц 1.31% жогорулап - 101.2 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдайт.
Муну менен катар коммерциялык банктарда доллар 83.1 сомдон, евро - 102.1 сомдон сатылууда.
Белгилей кетүүчү нерсе, сомдун башка валюталарга карата курсу төмөндөдү. Рубль официалдуу курска ылайык, 0.98% жогорулап, 1.12 сомду түздү, ал эми теңге - 0.97% өсүп, 0.19 сомдон сатылууда.