Август айында күрүч 5,2% кымбаттады

19.09.2019, 17:00 Акчабар
Август айында күрүч 5,2% кымбаттады

Өлкөдө күрүчкө болгон баа  өткөн жылдын август айы менен салыштырып караганда, 3 сом 76 тыйынга (5,2%) кымбаттаган. Ал эми узун дан күрүч 1 сом 42 тыйынга (1,7%) кымбаттаган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет. 

2019 – жылдын август айында күрүчкө болгон максималдуу орточо баа Кара-Суу шаарында 96 сом, 28 тыйынды (1 кг), Ош шаарында 94 сом 38 тыйын, Кербен шаарында 92 сом, 25 тыйынды түзгөн.Ошол эле учурда минималдуу чекене баа Покровка айылында байкалган: 44 сом, 95 тыйын (1 кг), Чаек айылында 59 сом, Өзгөн шаарында 60 сом 51 тыйынды түзгөн. 

Узун дан күрүчкө болгон максималдуу чекене баа Нарын шаарында катталган: 123 сом, 68 тыйын, Кербен шаарында 122 сом, 60 тыйын, Талас  шаарында 99 сом, 42 тыйын. Муну менен катар узун дан күрүчкө болгон минималдуу баа Покровка айылында 54 сом, 84 тыйын, Ноокат шаарында 70 сом, Кара-Балта шаарында 70 сом, 99 тыйынды түзгөн. 

18 – сентябрдын жыйынтыгы менен, орто дан күрүчкө болгон максималдуу баа Кара-Суу шаарында катталган ( 1 кг болгон баасы – 97 сом, 10 тыйын), Кербен шаарында -  узун дан күрүчтүн баасы - 26, 34 сом 1 кг болгон. Орто дан күрүчкө болгон минималдуу баа (44, 95 1 кг болгон баа) жана узун дан күрүчтүн баасы (54,84  1 кг болгон баа) Покровка айылында байкалган. 

Тэги: күрүч 2019 улуттук статистика базар баасы Акчабар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу