Кыргызстан 30-сентябрдан 3-октябрга чейин өткөн жылдын 30-сентябрында жана 4-октябрында жайгаштырылган мамлекеттик казына векселдери боюнча милдеттенмелерин төлөп берди. Бул тууралуу жөнгө салуучу орган билдирди.
Облигациялар жылдык 8,45% кирешелүүлүк менен жайгаштырылды.
Жалпысынан Каржы министрлиги мамлекеттик векселдер боюнча 93 миллион сом төлөгөн. Муну менен векселдер линиясы боюнча ички милдеттенмелер учурда 640 миллион 306 миң сомго бааланды.