Франция Кыргызстандагы демократияны жана жүргүзүлүп жаткан реформаларды баалады

21.11.2019, 11:20 Акчабар
Франция Кыргызстандагы демократияны жана  жүргүзүлүп жаткан реформаларды баалады

2019-жылдын 20-ноябрында КР Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Франциянын Президентинин Дипломатиялык кеңешчиси Эммануэль Бонн менен жолугушуусу болду. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлайт. 

Жолугушууда эки тараптуу кыргыз-француз саясий диалогун, анын ичинде 2020-жылы жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги өз ара сапарларды уюштуруу жолу менен мындан ары күчөтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Француз тарап Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалардын ийгиликтүүлүгүн жана бирдиктүү демократиялык баалуулуктарды алдыга жылдырууда өлкөбүздүн өзгөчө ордун белгиледи.

«Өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелердин, анын ичинде, экономикалык байланыштарды жигердештирүү жана эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны өнүктүрүү багытындагы мамилелердин бардык комплексинин мындан ары интенсификацияланышына ишеним билдирилди», - деп жазылат маалыматта. 

 

 

Тэги: кыргыз-француз жолугушуу ТИМ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу