Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттерде абал туруктуу

17.06.2020, 14:15 Акчабар
Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттерде абал туруктуу

17-июнга карата кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттерде абал туруктуу. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Чек ара кызматынан билдиришкендей, «Чалдыбар – унаа жолу» жана «Кең-Булуң – унаа жолу» өткөрмө бекеттери ишин жанданткандан кийин «Ак-Тилек – унаа жолу» өткөрмө бекетинин иши жеңилдеп, жүк ташуучу унаалардын үймөктөлбөй өтүшүнө шарт түзүлгөн.

17-июнга карата кыргыз-казак чек арасында Чүй облусундагы «Чалдыбар – унаа жолу» жана «Кең-Булуң – унаа жолу», «Ак-Тилек – унаа жолу» жана Талас облусундагы «Чоң-Капка – унаа жолу» өткөрмө бекеттери иштеп жатат.

«Ак-Тилек – унаа жолу» жана «Чоң-Капка – унаа жолу» өткөрмө бекеттеринде жарандар жана жүк ташуучу унаалар өткөрүлүүдө.

«Чалдыбар – унаа жолу» өткөрмө бекети аркылуу жүк ташуучу унаалар гана өтүүдө.

«Кең-Булуң – унаа жолу» өткөрмө бекети өлкө аймагынан чыгып бара жаткан бош жүк ташуучу унаалар үчүн гана ачык.

Темир жол жүктөрү «Кайыңды – темир жолу» өткөрмө бекети аркылуу өткөрүлөт.

Тэги: кыргыз-казак чек арасы чек ара кызматы өткөрмө бекет Чалдыбар – унаа жолу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу