Кыргыз-казак чек арасы аркылуу кыргыз жүк ташуучуларды өткөрүү жанданды

26.03.2020, 13:45 Акчабар
Кыргыз-казак чек арасы аркылуу кыргыз жүк ташуучуларды өткөрүү жанданды

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы аркылуу кыргыз жүк ташуучуларды жүк менен өткөрүү жандандырылды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. 

2020-жылдын 25-мартына карата «Ак-Тилек автожол» көзөмөл-өткөрмө жайы аркылуу 97, «Чон-Капка автожол» аркылуу - 26 унаа Кыргыз Республикасына келди.

Ошол эле учурда жогоруда көрсөтүлгөн көзөмөл-өткөрмө жайлар аркылуу 192 жүк ташуучу унаа Кыргыз Республикасынан кеткен. Жүк унааларын өткөрүү тоскоолдуксуз жүргүзүлүүдө. 

Жүктөрдү арасында жабдуулар, азык-түлүк, калк керектөөчү товарлар, курулуш материалдары, тиричиликте колдонулуучу химиялык заттар, унаа тетиктери, косметика жана башкалар бар.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасы жана Казакстан Республикасы коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү чараларына байланыштуу үчүнчү өлкөлөргө продуктуларды ташууга убактылуу тыюу салган.

Тэги: кыргыз-казак чек арасы жүк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу