Кыргыз-казак чек арасында жүктөрдү эркин өткөрүү боюнча чараларды кабыл алуу макулдашылды

20.04.2022, 12:55 Акчабар
Кыргыз-казак чек арасында жүктөрдү эркин өткөрүү боюнча чараларды кабыл алуу макулдашылды

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жана Казакстандын премьер-министринин орун басары, соода жана интеграция министри Бахыт Султанов видеобайланыш аркылуу сүйлөшүү өткөрүштү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда мамлекеттик кыргыз-казак чек арасында кезек күтүп турган оор жүк ташуучу унаалардын маселеси талкууланды.

Маалыматк ылайык, сүйлөшүүнүн жыйынтыгында кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы аркылуу жүктөрдүн эркин өтүүсүн камсыздоо боюнча чараларды кабыл алууну макулдашты.

Белгилеп кетсек, аталган чек арада жүк ташыган унаалардын тыгыны соңку бир аптадан бери уланууда.

Тэги: кыргыз-казак чек ара жүк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу