"Торугарт" жана "Эркечтам" көзөмөл өткөрүү пункттары 3-июндан 5-июнга чейин жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул күндөрү Кытайда Дуань-ву майрамын (Ажыдаар кайык фестивалы) белгиленет.
Жүктөрдү жана транспорт каражаттарын өткөрүү 6-июнда кайра жанданат.